📰 Ватиканда жаңы папаны тандоо үчүн кардиналдардын жыйыны 7-майга белгиленди.
🔒 Сикстин капелласы конклавга даярдык көрүү максатында зыяратчылар үчүн жабылды.
🌿 Ватикандык бакчаларга жана Виа Триумфалистеги байыркы римдик некрополго туристтердин кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.
🔍 Ватиканда коопсуздук чаралары күчөтүлдү, туристтик аймактардын кире бериштеринде кошумча текшерүүлөр уюштурулду.
📜 Папаны тандоо эрежелерине ылайык, шайлоо мурдагы папанын өлүмүнөн 15-күндөн эрте эмес жана 20-күндөн кеч эмес башталышы керек. Папа Франциск 21-апрелде 89 жашында дүйнөдөн кайткан.