

🤝 Жогорку Кенештин жаңы курамында бир жыныстагы депутаттардын саны 60тан ашпайт. Бул норма президент жана Жогорку Кенеш депутаттарын шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен бекитилди.
👥 Кыргызстанда шайлоочулардын 52% аялдар түзөт. Бул норма аялдардын мыйзам чыгаруу ишине катышуусун камсыздоо максатында киргизилген. Жергиликтүү округда эң көп добуш алган үч эркек болсо, алгачкы экөө депутат болуп шайланат, ал эми үчүнчү мандат аялдар арасында эң көп добуш алган талапкерге берилет.
🔄 Бул эрежелер эркектерге да тиешелүү. Эгерде округда алгачкы үч орунду аялдар ээлесе, ошого жараша иш алып барылат. Округда бир жыныстагы талапкерлер гана катталса, шайлоо болбойт.
📊 Эгерде Жогорку Кенештин аял депутаты кызматынан кетсе, анын ордуна шайлоо жыйынтыгы боюнча тизмеде кийинки турган жана эң көп добуш алган аял талапкер келет.