Жайыл районунда белгилүү Heinz кетчубу жасалган помидор сорту өстүрүлүүдө.

Жайыл районундагы «Эко урожай» чарбасында «Хайнц» сортундагы помидорлор заманбап агротехнологиялар менен өстүрүлүп, белгилүү кетчуп өндүрүлөт. Капельдик сугаруу жана автоматташтырылган системалар түшүмдүүлүктү жогорулатат.

[adrotate_integration id=”2″]

🌱 Жайыл районунда жайгашкан “Эко урожай” фермердик чарбасында дүйнөгө белгилүү Heinz кетчупу үчүн колдонулган “Хайнц” сортундагы помидорлор өстүрүлүүдө.

🚜 Помидорлор 270 гектар аянтта заманбап агротехнологиялардын жардамы менен өстүрүлөт. Бул жерде тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, суу үнөмдүү пайдаланылып, түшүмдүүлүк жогорулайт.

🌾 Автоматташтырылган шарттарда өстүрүлгөн көчөттөр жана механизацияланган түшүм жыйноо процесси эмгек чыгымдарын азайтып, продукциянын рынокко тез жетишин камсыз кылат.

🍅 “Хайнц” сортунан тышкары, быйыл “Эко урожай” талааларында “Талант”, “Бленд” жана башка жогорку түшүмдүү европалык гибриддер өстүрүлүп, алар томат пастасын өндүрүү үчүн да колдонулат.

🏭 Жыйналган түшүмдүн бардыгы “Айлана” компаниясына кайра иштетүүгө жөнөтүлөт.

💧 Министр Бакыт Торобаев тамчылатып сугаруу системасы өсүмдүктөрдүн тамырына түздөн-түз суу жеткирүүгө, өсүштү тездетүүгө жана оорулардын коркунучун азайтууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

🚀 “Эко урожай” фермердик чарбасы айыл чарбасында алдыңкы ыкмаларды колдонуп, өлкөнүн экспорттук потенциалын жана агроөнөр жай секторун өнүктүрүүгө салым кошууда.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген