Жалал-Абад облусунда узак өмүр сүргөндөрдү куттукташты, алардын улуусу 118 жашта

Жалал-Абад облусунда 100 жаштан ашкан 39 узак өмүр сүргөн адам жашайт. Урмат Самаев улгайган адамдарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, Сузак районундагы 103 жаштагы тургун Кундузхан Ташматованы зыярат кылды.

[adrotate_integration id=”2″]

🎉 Джалал-Абад облусунун Сузак районундагы карылар жана майыптар үчүн социалдык стационарда Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чарага президенттин Джалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев катышып, мекеменин тургундарын майрамы менен куттуктады.

👵 Учурда Джалал-Абад облусунда 100 жаштан ашкан 39 узак өмүр сүргөн адам бар. Алардын эң улуусу 1907-жылы туулган Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылынын тургуну Бурма Субанкулова, быйыл ал 118 жашка толду.

👴 Урмат Самаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө карыларга бекем ден соолук, тынчтык жана узак өмүр каалап, ар бир жаш муундун милдети улууларды урматтоо экенин белгиледи.

🏡 Майрамдын алкагында Урмат Самаев Сузак районунун 103 жаштагы тургуну Кундузхан Ташматованын үйүнө барып, аны Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

💰 Быйыл Джалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан Сузак районундагы карылар жана майыптар үчүн социалдык стационарга 70 миң сом, Токтогул районундагы «Кара-Каш» социалдык стационарына 30 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле, 100 жаштан ашкан 39 карыларга каржылык колдоо көрсөтүлдү.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген