📍 Жалал-Абад облусунда коопсуздукту жакшыртуу максатында жаңы кырдаал борбору ачылды.
🎥 21-октябрда ачылган кырдаал борбору жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн видеокөзөмөлдү колдонот.
👮♂️ Ачылыш аземге ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Марлис Асанов баш болгон жогорку даражалуу жетекчилер катышты.
📊 Борборго буга чейин 500дөн ашык видеокамера туташтырылган, бул облустун аймагындагы коомдук жайларды жана көчөлөрдү эффективдүү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
🔒 Жаңы борбор Жалал-Абад облусунда коомдук коопсуздукту чыңдоодо жана кылмыштуулукка каршы турууда маанилүү кадам болот.