




[adrotate_integration id=”2″]🌿 Джалал-Абад облусундагы райондордун социалдык-экономикалык өнүгүү келечеги жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген жыйында талкууланды.
🔋 Токтогул району жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө басым жасоодо. 490 гектар жер чакан ГЭС жана күн станцияларын куруу үчүн бөлүндү.
🐟 Токтогул суу сактагычынын базасында балык чарбачылыгы активдүү өнүгүүдө.
⚡ Базар-Коргон районунда 4,6 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтин курулушу башталды жана 2600 гектар жер күн станцияларына бөлүндү.
🌰 Район грек жаңгагы продукциясын экспорттоо потенциалы менен белгилүү.
🏞️ Сузак району кайра жаралуучу энергетика жана туризм тармагындагы долбоорлорду сунуштады. “Ак-Таш” платосунда заманбап глэмпинг комплекси курулат.
🌾 Ноокен району пахта жана пиязды кайра иштетүү боюнча жогорку потенциалга ээ. Инвесторлорду тартуу негизги милдет болуп саналат.
🚉 Тогуз-Торо району Казарман ГЭС каскадын жана транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча ири долбоорлорду сунуштады.
🍏 Ала-Бука жашыл энергетика жана кайра иштетүү өнөр жайына басым жасоодо. 200 МВт кубаттуулуктагы күн станциялары жана алма, картошка пюреси заводу курулат.
🌍 Ар бир район уникалдуу ресурстарга ээ. Долбоорлордун ишке ашырылышы аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук потенциалды кеңейтүүгө шарт түзөт.






