🌍 Жалал-Абад облусунун прокуратурасы жер мыйзамдарындагы мыйзам бузууларды аныктады.
🏛️ Текшерүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү бийлик тарабынан Сел-Арык магистралдык каналынын боюнда жайгашкан 26 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткени аныкталган.
🚫 Бул участоктор Жалал-Абад шаардык кеңешинин туурасы 30 метр суу коргоо зонасына курулуш курууга тыюу салуу боюнча токтомун бузуу менен өткөрүлүп берилген.
⚠️ Суу коргоо зонасын бузуу урап кетүү жана суу каптоо коркунучун жаратат, бул өзгөчө кырдаалдарга жана юридикалык кесепеттерге, анын ичинде айып салууга жана мыйзамсыз курулуштарды бузууга алып келиши мүмкүн.
🔍 Ачылган фактылар боюнча прокуратура тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жергиликтүү ички иштер органдарына тапшырылды.