🚤 Куткаруу иштерине жаңы техникалар Ала-Бука районуна тапшырылды.
🛶 Райондун акими Руслан Айтбаев өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө 681 миң 500 сомго сатылып алынган заманбап жабдууларды тапшырды.
🏞️ Облуста суу сактагычтар болгондугуна байланыштуу куткаруучуларга моторлуу кайык, альпинизмдик жабдуулар жана сел сууларын сордуруу үчүн мотопомпа тапшырылды.
⚡ Комплектке генератор жана башка куткаруучу жабдуулар да киргизилген, бул куткаруучулардын иштөө шарттарын жакшыртат.
🔧 Жаңы жабдуулар өзгөчө кырдаалдарда тез жана эффективдүү жооп кайтарууну камсыздайт.