🎉 Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы бала бакча ачылды.
👮♂️ Ачылыш аземге ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басары жана башка жетекчилер катышты.
🌱 Министр өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жана келечектеги лидерлерди калыптандыруу үчүн өлкө боюнча бала бакчаларды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
🏫 Жаңы “Жеткинчек” бала бакчасы 120 орундуу болуп, мурда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында капиталдык оңдоодон өткөндөн кийин ачылган.
🌟 Ички иштер министрлиги республиканын бардык аймагында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакчаларды ачууну улантат.