🚆 Джалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жайгашкан темир жолдун боюндагы үйлөрдү көчүрүү маселеси каралды. Бул иш-чара Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында жүргүзүлүүдө.
🏠 Нурлан Эрматов 100гө жакын турак үйдү баалоо жана көчүрүү иштерин баштоо зарылдыгын белгилеп, бул ишти эки топко бөлүп уюштурууну тапшырды.
👥 Жыйында көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери катышты.
📋 Эрматов жарандардын кызыкчылыктары толугу менен эске алынышы керектигин жана иштер мыйзам чегинде, так аткарылышы зарылдыгын баса белгиледи.






