



[adrotate_integration id=”2″]🏫 Баткен облусунун Баткен районундагы Жаны-Жер айылында 500 орундуу мектептин курулушу уланууда.
💰 Курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Долбоордун тендердик баасы 164 миллион сомду түзөт.
🏢 Долбоор боюнча мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат.
🍽️ Мектепте заманбап ашкана, лаборатория, компьютердик класс жана китепкана каралган.
🔨 Учурда курулуш жана монтаждоо иштеринин 55% аяктаган.






