🌍 Бишкектеги “Веролит” ишканасынан мыйзам бузуулар аныкталды.
⚠️ Дмитриевка айылындагы майдалоочу цехти пландан тышкаркы текшерүүдө экологиялык нормаларды одоно бузуулар аныкталды.
📄 Текшерүүчүлөр ишканада булгоочу заттарды атмосферага чыгарууга керектүү уруксат кагаздары жок экенин аныкташкан.
💸 Мыйзам бузуулардын натыйжасында Веролитке 28 000 сом айып салынып, майдалоочу цехтин иши токтотулган.
📞 Экология министрлиги жарандарды мыйзам бузуулар тууралуу жигердүү билдирүүгө чакырат жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн экологиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.