Жаратылыш ресурстар министрлиги тарабынан мыйзамсыз көмүр казуу боюнча үч факты аныкталды

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз кен казуу менен күрөшүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Мыйзамсыз көмүр казуу боюнча 3 факты аныкталып, аларга айып пул салынып, эреже бузгандардын ишмердүүлүгү токтотулган.

🌍 Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз көмүр казуу токтотулду.

🚨 Аксы районунда мыйзамсыз кен казуу иштерине бөгөт коюу максатында Ак-Моло участкасында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.

🔍 Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын облустук башкармалыгынын кызматкерлери тиешелүү уруксат документтери жок көмүр казган үч фактыны аныкташкан.

📜 Инспекторлор тарабынан мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, 22500 сом айып салынды, ошондой эле өндүрүштүк иштер токтотулду.

⚖️ Бул аракеттер Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 243-4-беренесине ылайык жасалган.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x