🌍 Бишкекте күз-кыш мезгилине карата объектилерди текшерүү башталды.
🔍 Жаратылыш ресурстар министрлигинин Бишкек-Аламүдүн аймактык башкармалыгынын кызматкерлери объектилерди кышка даярдоо боюнча рейд өткөрүштү.
🏢 Текшерүүнүн жүрүшүндө Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан көмүр кампасы радиациялык жактан текшерилди.
🔥 “Датка” мончо комплексинде күйүүгө тыюу салынган материалдардын бар-жоктугун да текшердик.
📊 Рейд айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө департаментине баруу менен аяктады, анда журналисттерге көмүрдү текшерүү процесси көрсөтүлдү.
✅ Мындай иш-чаралар борбор калаада коопсуздукту жана экологиялык тазалыкты камсыздоого багытталган.