Жазгы республикалык көргөзмө ИЗО музейинде ачылат

Бишкекте Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде 29-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган жазгы республикалык көргөзмө ачылат. Көргөзмө 15-майга чейин ачык болот.

🎨 Бишкекте Г.Айтиев атындагы Улуттук сүрөт искусство музейинде 29-апрелде Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун уюштуруусу менен Жазгы республикалык көргөзмө ачылат. Бул көргөзмө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган жана совет элинин, анын ичинде фронтто согушкан жана тылда эмгектенген кыргызстандык баатырлардын улуу эрдиктерин кайрадан эскерүүнү максат кылат.

🖼️ Экспозицияда сүрөт искусствосунун бардык түрлөрү: живопись, графика, скульптура, декоративдик колдонмо искусство чыгармалары көрсөтүлөт.

👩‍🎨 Көргөзмөгө Кыргызстандын бардык аймактарынан келген таанымал устаттар жана жаш сүрөтчүлөр катышат.

🗓️ Көргөзмө 15-майга чейин коноктор үчүн ачык болот.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x