

🇰🇬 Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Бул иш-чара 8-майда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында өтөт.
🚛 Парадга катышуу үчүн 120дан ашуун аскердик техника шаарга Токмоктон көчүрүлөт. Бул аракеттер машыгууларды өткөрүү үчүн зарыл.
📸 Коргоо министрлиги жарандардан колонналардын кыймылына тоскоол болбоону, уруксатсыз сүрөткө жана видеого тартпоону, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматты кесипкөй коштоосуз жайылтпоону өтүнөт.
🤝 Аскердик парадга даярдык кызыкдар күч түзүмдөрү менен тыгыз координацияда жүргүзүлүүдө.