🌾 Кыргызстанда айыл чарбасын каржылоо долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу уланууда.
💰 2024-жылдын 19-сентябрына карата 9795 айылдык товар өндүрүүчүгө жалпы суммасы дээрлик 3,9 миллиард сом жеңилдетилген насыялар берилди.
🐄 Анын ичинен мал чарба тармагындагы 8472 насыя алуучуга 3,4 млрд.
🌱 Өсүмдүк өстүрүү тармагында 1323 айыл чарба өндүрүүчүсү 433,3 млн сом өлчөмүндөгү насыяларды пайдаланышкан.
🏦 Долбоор “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк” ААК тарабынан колдоого алынып, насыя берүүгө 5 миллиард сом бөлүнгөн.
🔍 Бул чаралар өлкөдөгү айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого багытталган.