






🇰🇬 Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.
🤝 Жолугушууда эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, КМШ форматындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланды.
🔍 Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясат, коопсуздук, сот-укуктук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун негизги аспектилери каралды.
📄 Жолугушуунун катышуучулары КМШнын өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйындарында бекитилүүчү бир катар документтерди жактырышты.
📅 Жыйындын жыйынтыгында КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Душанбе шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.