Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы ТИМ башчыларынын 6-жолугушуусуна катышты

Алматыда 2025-жылдын 26-апрелинде КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбор Азия - Кытай» форматындагы 6-жолугушууга катышты. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды. Министрлер БУУ, ШКУ, СВМДА жана башка көп тараптуу форматтар алкагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

🌍 Алматы шаарында 2025-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы 6-жолугушууга катышты.

🤝 Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну чыңдоонун жолдору талкууланды.

📈 Өнөр жай жана инвестициялар, экономика жана соода, айыл чарба, транспорт, бажы, коомдук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана билим берүү сыяктуу тармактардагы кызматташтык механизмдеринин активдешүүсү белгиленди.

🌐 Регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, БУУ, ШОС, СВМДА жана башка көп тараптуу форматтардын алкагында кызматташууну бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

🗓 Министрлер Астанада өтө турган «Борбордук Азия — Кытай» экинчи Саммитине даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

📄 Жолугушуунун жыйынтыгында учурдагы 6-жолугушуунун жыйынтыктарын чагылдырган Биргелешкен коммюнике кабыл алынды.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x