

[adrotate_integration id=”2″]🌍 Душанбе шаарында 2025-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.
🤝 Жыйындын жүрүшүндө делегациялар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, КМШ алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
🔒 Регионалдык коопсуздукту камсыздоо контекстинде КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрликтеринин өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык жана аймактык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү маселелери каралды.
📄 Жолугушуунун жыйынтыгында тышкы иштер министрлери бир катар документтердин долбоорлорун жактырышып, аларды КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңешинин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.
📅 КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын 2026-жылдын 17-апрелинде Калининград шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.






