🌍 Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда жер титирөө болду.
🔍 Сейсмикалык окуя 30-октябрда саат 01:35те катталып, анын очогунда күчү 3,5 баллга жакын болгон.
📍 Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ананьево айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышты карай жана Каракол шаарынан 57 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.
🏠 Калктуу конуштарда ар кандай күчтөр байкалган: Чоң-Өрүктү, Кароол-Дебе, Ананьево жана Жаркынбаева айылдарында жер титирөө 3 баллга, Кичи-Өрүктү, Семеновка жана Кек-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жакын сезилген. .
🔔 Учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.