



🌱 Кыргыз Республикасынын Жер жана суу көзөмөл кызматынын жаңы жетекчиси болуп Азамат Саралаев дайындалды.
👨💼 Азамат Саралаев 1991-жылы төрөлгөн, жогорку билимдүү, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Юридикалык академияны бүтүргөн.
📈 2015-жылы “СОС” ЖЧКсында директордун орун басары болуп иштеген.
🔍 2016-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында ар кандай кызматтарды, анын ичинде башкы инспектор жана бөлүм башчы кызматтарын аркалаган.
🌿 2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жер жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары болуп иштеген.
📅 2022-жылдын март айынан тартып Жер жана суу көзөмөл боюнча директордун орун басары кызматын аткарган.