


🌿 Джети-Огуз районунда жайгашкан «Натали Ресорт» туристтик базасында заманбап экологиялык мунара орнотулду. Ал акыркы санариптик технологиялар менен жабдылган.
📷 Мунаранын видеокөзөмөл системасы эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп берет жана сутка бою иштейт. Камералар 40 км радиустагы аймакты көзөмөлдөй алат, ал эми жылуулук сенсорлору 7 км алыстыктагы объекттерди тааныйт жана 5 км аралыктагы адамдардын жүзүн аныктайт.
🚔 Алынган маалыматтар реалдуу убакыт режиминде ИИМ жана Иссык-Көл облусунун УВД командалык борборлоруна жөнөтүлөт. Бул ыктымал коркунучтарга тез арада чара көрүүгө мүмкүндүк берет.
🐟 Системанын ишке киргизилген күнү эле мыйзамсыз балык уулоо фактысы катталып, тиешелүү документтери жок адамдар милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
🏞 Бул Иссык-Көл облусунда орнотулган үчүнчү мунара болуп саналат. Буга чейин ушундай эле системалар Кудургу жана Тогуз-Булак айылдарында орнотулган. Келечекте дагы сегиз мунараны орнотуу пландалууда.
🌍 Долбоордун максаты – Иссык-Көлдүн уникалдуу табиятын сактоо, жарандардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жана аймакта туруктуу туризмди өнүктүрүү.