🌍 Джети-Огуз районунда жашаган жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү.
🛡️ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, прокуратура жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо максатында текшерүү жүргүздү.
🏡 Текшерүүнүн жыйынтыгында, С.К. аттуу жетим бала турак жай менен камсыз болбогону аныкталды.
📜 Жаргылчак айыл өкмөтүнө прокурордук акт киргизилип, анын негизинде балага Даркан айылынан 0,07 гектар жер тилкеси бөлүнүп, тиешелүү документтер берилди.






