🍏 Ысык-Көл облусунун Джети-Огуз районунда жайгашкан Тосор айылында “Тосор Органик” аттуу агропроизводстволук кооператив ийгиликтүү иштеп жатат. Ал табигый сокторду түздөн-түз чыгарууга адистешкен.
🍐 Күнүнө 700 литрге чейин сок өндүргөн “Тосор Органик” кооперативи экологиялык таза мөмө-жемиштерди жергиликтүү дыйкандардан алат. Ассортиментте алма, алмурут, өрүк жана көп жемиштүү соктор бар.
🥭 Кооперативде өндүрүш учурунда консерванты жок, химиялык кошулмаларсыз табигый ингредиенттер гана колдонулат. Даяр продукция ар кандай көлөмдөгү идиштерге куюлуп, рынокко чыгат.
🧃 “Тосор Органик” учурда өз продукциясын Кыргызстандын ички рыногуна жеткирип, керектөөчүлөрдү сапаттуу, пайдалуу жана экологиялык таза соктор менен камсыз кылууда.






