⚖️ Ысык-Көл облусунда жер мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.
📜 Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда Даркан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан 4,60 га мамлекеттик жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз өткөнү аныкталган.
🏡 Анын 2,60 гектары жаран М.У.га, 1 гектары Ж.К.га бөлүнгөн, бул мыйзам бузуу болуп саналат.
🔍 Текшерүүнүн жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
📅 Иш кошумча иликтөө жана бардык жагдайларды тактоо үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.