
[adrotate_integration id=”2″]🔍 Прокуратура Узгенского жана Базар-Коргонского райондорунда балдардын мүлк укуктарын бузуу фактыларын аныктады.
🏠 Текшерүү учурунда бир катар жашы жете элек балдардын мыйзам боюнча турак жай менен камсыздалбаганы белгилүү болду.
📜 Прокурордук чаралардын натыйжасында, Узген районунда төрт балага, Базар-Коргон районунда үч балага үй куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп, тиешелүү документтер тапшырылды.
👥 Прокуратура балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган адамдардын мүлк укуктарын коргоо иштерин дайыма көзөмөлдөп турарын белгиледи.






