🛣️ Кыргыз Республикасынын Жол фонду жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде экинчи окууда каралды.
📊 Бул мыйзам долбоору Жол фондунун каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн мыйзамдык нормаларды бекитүүгө багытталган. Өзгөртүүлөр Жол фондунун ишмердүүлүгүн ачык жүргүзүүнү камсыздоого жана каражаттарды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, тейлөөгө, оңдоого жана реконструкциялоого гана жумшоого багытталган.
💡 Депутат Шаирбек Ташиев республикалык бюджеттен транспорт тармагындагы маалыматтык бюллетендерди жана башка адабияттарды чыгарууга кеткен чыгымдарды алып салууну сунуштады. Депутат Бактыбек Сыдыков Жол фондунун негизги максаты жол тармагын өнүктүрүүгө каражаттарды түздөн-түз пайдалануу экенин белгилеп, каржыны натыйжалуу жана өз убагында бөлүштүрүүнүн зарылдыгын кошумчалады.
🏘️ Депутат Эльдар Абакиров ички жолдорду реконструкциялоону сурап, учурда айылдардын 80-90% дотацияда экенин белгиледи. Бекназар Базаралиевдин айтымында, биринчи этапта ички автомобиль жолдорун Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына алуу пландалууда, андан кийин Жол фондунун каражаттарынын эсебинен тиешелүү иштер аткарылат.
🛤️ Депутат Равшанбек Рысбаев Ош-Баткен-Исфана автожолунун реабилитациясы тууралуу суроо берди. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.