ЖК төрагасы чарбаларда малдын санын көбөйтүп, экопродукция өндүрүүгө чакырды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Москва районундагы «КФХ Таштан» агрофирмасына барып, заманбап мал чарбачылык жана жер иштетүү ыкмаларын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле мамлекеттин айыл чарбасын колдоосун жана экологиялык таза продукция өндүрүүнү баса белгиледи.

[adrotate_integration id=”2″]

🌾 Кыргызстандын агрардык өлкө катары өнүгүүсү үчүн айыл чарба тармагын өнүктүрүү маанилүү болуп саналат.

🐄 Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Москва районундагы “КФХ Таштан” агрофирмасына иш сапары менен барып, племенной иштерди уюштуруу, заманбап тоют камсыздоо формаларын өздөштүрүү жана жаңы типтеги мал комплекстерин куруу ыкмалары менен таанышты.

🌱 Кыргызстанда мал чарбачылыгы жана дыйканчылыкты өнүктүрүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Эски салттуу ыкмаларды колдонуу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн.

🥛 Ушундай ири ишканалардын эт жана сүт азыктарын өндүрүүдөгү чоң ролу белгиленип, малдын санын көбөйтүү жана экологиялык таза продукция өндүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл экендиги баса белгиленди.

🌾 Өкмөт айыл чарба тармагын өнүктүрүүнү колдоого тийиш. Айыл чарбасы табигый факторлорго түздөн-түз көз каранды болгондуктан, мамлекет өз убагында жардам көрсөтүп, бардык аспектилерде колдоо көрсөтүшү керек.

🏢 “КФХ Таштан” – бул көп тармактуу айыл чарба ишканасы, ал дандуу өсүмдүктөрдү өстүрүү, мал чарбачылыгы, тоют өндүрүү жана сүттү кайра иштетүү менен алектенет. Учурда чет өлкөдөн алып келинген сүт породасындагы уйларды багуу үчүн заманбап европалык стандарттарга жооп берген жаңы комплекстин курулушу жүрүп жатат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген