ЖКК комитетинин төрагасы мыйзамга каршы келген балдар боюнча тегерек столго катышты

Бишкекте мыйзамга каршы келген балдардын укуктарына арналган тегерек стол өттү. Катышуучулар кылмыш процессинин ар кандай баскычтарында балдардын укуктарынын сакталышы жана аларды коргоо чаралары боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын талкуулашты.

🧒 Бишкекте мыйзамга каршы келген балдардын укуктары талкууланды.

📊 18-ноябрда өткөн тегерек столдо кылмыш процессинин ар кандай баскычтарында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары айтылды.

🔒 Иш-чаранын катышуучулары өзгөчө камоо түрүндөгү баш коргоо чарасын белгилөө, жашы жете электерге карата жазаны аткаруу маселелерине басым жасашты.

🤝 Ошондой эле мыйзамга каршы келген балдардын укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган биргелешкен демилгелер талкууланды.

🌍 Тегерек столду Акыйкатчы институту жана Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеши баш болгон бир нече уюмдар уюштуруп, бул жаатта ведомстволор аралык кызматташуунун маанилүүлүгү баса белгиленет.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x