Жогорку Кеңеш Чүй облусунун Жаш Майыптар Союзуна кичи автобус тапшырды

Бишкек, 29.07.25. Жогорку Кенештин депутаттары Винера Раимбачаева жана Аманкан Кенжебаев Чүй облусунун Жаш Майыптар Союзуна микроавтобус тапшырышты. Бул унаа Жогорку Кенештин резервдик фондунун эсебинен алынган жана майыптардын укуктарын коргоо, шарттарды түзүү максатында берилди. Ошондой эле, майып жарандар үчүн 16 батир мыйзамдаштырылып, жол коопсуздугу үчүн чаралар көрүлдү.

[adrotate_integration id=”2″]

🌟 Жогорку Кенештин социалдык саясат комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева жана агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев Чүй облусунун жаш майыптар союзунун коомдук бирикмесине микроавтобус тапшырышты.

🚐 Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобус Жогорку Кенештин төрагасынын Резервдик фондунун эсебинен сатып алынып, салтанаттуу түрдө тапшырылды.

👥 Винера Раимбачаева мамлекеттин негизги багыттарынын бири катары майып жарандардын укуктарын коргоо жана алар үчүн зарыл шарттарды түзүүнү белгиледи. Бул микроавтобус коомдук бирикменин күнүмдүк ишин жеңилдетип, анын мүчөлөрүнүн коомдук турмушка активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт.

🏠 Аманкан Кенжебаев Нурланбек Тургунбек уулунун иш сапары учурунда белгиленген башка маселелер да чечилгенин кошумчалады. Өзгөчө, майып жарандар үчүн курулган 16 батирдин мыйзамдаштырылышы оң жагына чечилип, тиешелүү документтер берилген.

🛤️ Коопсуздукту камсыздоо максатында борбордун алдында жасалма жол тосмо орнотулду. Майып жарандар негизинен кол өнөрчүлүк менен алектенип, мамлекеттик мекемелер үчүн атайын формаларды тигишет.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x