🗳️ Кыргызстанда жашаган же чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтөт.
🌐 Шайлоочуларга өздөрүнүн катталган дарегине карабастан, кайсы жерде болбосун добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилет. Дистанциялык добуш берүү механизми колдонулат.
🔍 Жарандарга консулдук каттоодон өтүү зарыл эмес. Шайлоо системасы автоматтык түрдө каттоо маалыматы боюнча округду аныктап, тиешелүү бюллетень берет.
📅 Эгерде жарандар чет өлкөдө катталган болсо же Кыргызстандын аймагында туруктуу дареги жок болсо, 2025-жылдын 19-ноябрына чейин жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүккө кайрылып, каттоо маалыматтарын тактоо же өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар.
💻 Шайлоочулар tizme.gov.kg сайтындагы «Кабинет избирателя» сервисин колдонуп, электрондук форматта өз маалыматтарын текшерип, зарыл болсо оңдоп коё алышат.
📢 Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды өз маалыматтарын алдын ала текшерүүгө жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга чакырат.






