🇰🇬 Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 25-27-май күндөрү расмий сапар менен Армения Республикасына барат.
🤝 Сапар учурунда Тургунбек уулу Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул жолугушууда парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланат.
🔝 Ошондой эле, сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлөт.
👥 Делегациянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Эльмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев кирет.
🌍 Бул сапар Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө багытталган.






