🗳️ Өзбекстандагы шайлоого Жогорку Кеңештин депутаттары байкоо жүргүзүштү.
👥 КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобуна Талайбек Масабиров жана Сейдбек Атамбаев, ошондой эле Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев кирди.
📅 Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо 2024-жылдын 27-октябрында болуп, биринчи жолу аралаш система менен өткөн.
🤝 Байкоочулар жаңычылдыкты колдогон саясий партиялардын лидерлери менен жолугушту.
📊 Топтун жыйынтыктоочу жыйынында 149 шайлоо участогунда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы талкууланып, анда шайлоо комиссияларынын даярдыгы жана шайлоочулардын маалымдуулугу жогору экени белгиленди.
✅ Шайлоо уюшкандыкта өттү, бул Өзбекстандын шайлоо системасындагы оң өзгөрүүлөрдөн кабар берет.