🌟 Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоого багытталган мыйзам долбоору жактырылды.
💼 “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Демилгечилер депутаттар Камила Талиева менен Эльдар Абакиров болушту.
👩💼 Мыйзам долбоорунун негизги максаты – бизнесте аялдарга мамлекеттик колдоону күчөтүү жана алардын каржылоого жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн “аялдардын ишкердигинин” мыйзамдык аныктамасын киргизүү.
💳 Депутат Шарапаткан Мажитова аялдарга күрөөсүз насыя берүүнү сунуштаса, Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбооруна “аялдардын артыкчылыктуу катышуусу” деген түшүнүктү киргизүү зарылдыгына токтолду.
📜 Комитет ошондой эле лицензиялык-уруксат берүү тутумуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карады, ал лицензиялануучу ишмердиктин тизмесин оптималдаштырууга жана кыскартууга багытталган.
🔍 Экономика министринин орун басары Назарбек Малаев учурдагы лицензиялык система ишмердиктин 97 түрүн камтыганын, мыйзам долбоору бул процесстерди жөнгө салуу максатында иштелип чыкканын билдирди.
⚖️ Депутаттар мыйзам долбоорунун маанилүү аспектилерин, анын ичинде лицензия менен уруксаттын айырмасын, ошондой эле лицензия берүү үчүн мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди талкуулашты.