🏥 Бишкекте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга карата бюджетинин долбоору талкууланды.
🩺 Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде биринчи окуудан өткөн мыйзам долбоорун саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов алып чыкты.
💬 Депутат Жылдыз Садырбаева фонддун бюджетинин олуттуу бөлүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берүүдөн күмөн санап, медициналык мекемелерди керектүү дары-дармектер менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
📉 Айбек Маткеримов медициналык тейлөөнүн сапатына бейтаптардын нааразылыгы күчөп жатканын белгилеп, реформалар күтүлгөн жыйынтыктарды бербей жатканын айтты.
⚖️ Советбек Рустамбек уулу медициналык камсыздандыруу механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгына жана жарандардын жеңилдетилген медициналык жардам жана дары-дармек алуу укуктарына токтолду.
🏥 Айгүл Айдарова аймактык ооруканалардагы медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу маселесин көтөрдү.
💰 Айсулуу Мамашова ракты дарылоо үчүн даректүү дары-дармектерди сатып алууга каражатты көбөйтүүнү сунуштады.
📜 Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынып, социалдык чөйрөдөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды.