⚡ Бишкекте жогорку вольттогу “Костромская” көмөкчордонун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
🔧 Иш 110/35/10 кВ көмөкчордондун экинчи этабын курууга багытталган, анын кубаттуулугу жогорулайт.
🔌 16 000 кВА кубаттуулуктагы жаңы күч трансформатору, ошондой эле SF6 өчүргүчтөрү жана 110 кВ чыңалуудагы ток трансформаторлору орнотулду.
📈 Электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө жана жаңы керектөөчүлөрдүн пайда болушуна байланыштуу реконструкциялоо зарыл.
🏙️ Иштер аяктагандан кийин көмөкчордондун кубаттуулугу 41 000 кВА болуп, Кызыл-Аскер жана Достук райондорунун тургундарын энергия менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
🗓️ “Костромская” көмөкчордону 1986-жылы ишке киргизилген жана ошондон бери борбордун көрсөтүлгөн аймактарын электр энергиясы менен камсыз кылып келет.