🚗 Кыргызстандын айдоочуларына кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу сунушталат.
❄️ КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы кышкы аба ырайынын шарттарында жайкы дөңгөлөк менен жүрүү жолдордо кооптуу жагдайларды жаратаарын эскертет.
🛣️ Бул өзгөчө кыш шарттары татаалыраак болушу мүмкүн болгон алыскы аймактарга саякатка чыгууну пландаштырган айдоочуларга тиешелүү.
🔧 Айдоо алдында унаалардын техникалык абалын текшерип, кышкы дөңгөлөктөр орнотулганына ынануу зарыл.
⚠️ Бул сунуштарды аткаруу кырсыктарды болтурбоого жана бардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.