

[adrotate_integration id=”2″]🎭 Бишкекте эл аралык Дельфий оюндарынын өткөрүлүшү талкууланды.
🤝 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана анын орун басары Виктория Мозгачева Эл аралык Дельфий комитетинин директору Владимир Понявин менен жолугушту.
🌍 Жолугушууда тараптар Бишкекте эл аралык Дельфий оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.
🏆 Айбек Жунушалиев буга чейинки ийгиликтүү кызматташууну белгилеп, оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын айтты.
📈 Владимир Понявин кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чарага даярдануунун негизги багыттарын белгиледи.
🗺️ Жолугушууда 2030-жылга чейин Дельфий оюндарынын өткөрүлүшүнүн жол картасы да талкууланды.
📅 2025-жылдын ноябрь айынын аягында Дүйнөлүк Дельфий оюндарынын 25 жылдыгын белгилөө алкагында эл аралык конференция өткөрүлүп, 2025-жылдагы иштер боюнча отчет берилет.
🇮🇳 2025-жылдын 3-6-декабрында Нью-Делиде (Индия) биринчи Парапифий оюндары өтүп, Бишкек жаштарынын катышуу мүмкүнчүлүгү каралат.






