🚗 Кыргызстанда 2025-жылдын башынан бери 1150 км ашуун автожолдор асфальтталды.
🔧 Жол куруучулардын эмгегинин аркасында жыл сайын өлкөдө миңдеген километр автожолдор курулууда.
💰 2021-жылдан бери транспорт жана жол тармагын өнүктүрүүгө 101,7 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
🛣 Акыркы беш жылда 3 048 километрден ашык автожолдор курулуп, алардын 2 453 километри асфальт менен капталган.
📈 Жол тармагындагы бул көрсөткүчтөрдүн өсүшү тармактын туруктуу өнүгүп жатканын көрсөтөт.
🔧 Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишин жакшыртуу үчүн Дорожный фонддун каражаттары менен 750 атайын техника сатылып алынган.
🔜 2026-жылы дагы 484 техника сатып алуу пландаштырылууда.
🏗 Стратегиялык маанидеги жолдордун курулушу, мисалы, Чолпон-Ата аркылуу өткөн трасса жана Ош – Баткен – Раззаков коридорунун курулушу аяктап калууда.
🌉 Барскоон – Бедел жолу сыяктуу жогорку транзиттик потенциалга ээ жолдордун курулушу башталды.
📊 Бул долбоорлор Кыргызстандын жол инфраструктурасын жакшыртууда эң ири жана маанилүү жетишкендиктердин бири болуп калат.






