🌟 Балдар үчүн ишеним телефонуна 2025-жылдын алгачкы беш айында 26 996 чалуу келип түшкөн. Бул күнүнө орто эсеп менен 178 кайрылууну же айына 5 399дан ашык чалууну түзөт.
📞 Жалпы чалуулардын ичинен 932си жардам көрсөтүү же кеңеш берүү маселелерине байланыштуу болгон. Булардын ичинен 378и балдардан (40,6%), ал эми 554ү чоңдордон (59,4%) келип түшкөн.
👧 Балдар арасында чалган кыздар басымдуулук кылса, чоңдор арасында аялдар көп чалган. Аялдар 379 (40,6%), эркектер 175 (18,8%), кыздар 272 (29,2%), балдар 106 (11,4%) чалууларды жасаган.
📍 Региондор боюнча эң көп кайрылуулар Бишкекте (22,2%), Чүй облусунда (9%) жана Жалал-Абад облусунда (5,5%) катталган. Эң аз чалуулар Талас облусунан (15 чалуу же 1,6%) болгон.
📚 Кайрылуулардын тематикасы социалдык жардам сураган өтүнүчтөрдү, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды, балдарга карата зомбулук жана тарбиялоо көйгөйлөрүн камтыган.
🛠 Калган 26 064 чалуу турмуштук маселелерге байланыштуу болгон, мисалы интернетке туташуу, тез жардам чакыруу жана телефондук хулигандык учурлар.
📞 Ишеним телефону 111 номери аркылуу акысыз жана анонимдүү түрдө экстрендик кеңеш берүү, зомбулукту алдын алуу жана психологиялык колдоо көрсөтүү максатында иштейт. Бул жерде социалдык кызматтар тууралуу маалымат алууга жана тиешелүү аймактагы адистерге багытталууга болот.