Жыл башынан бери Бишкек шаарында коомдук транспорттун катышуусунда 345 жол кырсыгы катталган

2024-жылдын 9 айында Бишкек шаарында коомдук транспорттун катышуусундагы 345 кырсык катталса, анын 166сы автобустун айдоочуларынын күнөөсү. Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын директору депутат окуяга объективдүү баа берүүгө чакырып, айдоочуларды шашылыш айыптоодон сактанууну эскертти.

🚍 Бишкек шаарында 2024-жылдын тогуз айында коомдук транспорттун катышуусунда 345 жол кырсыгы катталган.

📊 Кырсыктардын жалпы санынын ичинен 166 учур автобус айдоочуларынын айынан болсо, 176 кырсык башка айдоочулардын аракетинен улам болгон.

📱 Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын директору депутат Талант Капаров белгилегендей, көптөгөн жарандар кырсыкка күбө болуп, жагдайды түшүнбөй, автобустун айдоочуларын күнөөлөп, дароо социалдык тармактарга видеотасмаларды жарыялап жатышат.

🛑 Капаров коомдук транспорттун айдоочуларынын күнөөсү боюнча шашылыш тыянак чыгарбоого, жолдогу абалга объективдүү баа берүүгө чакырды.

🔍 Ар бир кырсыктын өзүнүн себептери бар экенин эстен чыгарбоо керек жана жыйынтык чыгаруудан мурда бардык факторлорду эске алуу керек.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x