🚦 2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыгынын 280 учуру катталды.
📊 Үстүбүздөгү жылдын алты айында жол эрежесин бузуу боюнча жарым миллиондон ашык протокол түзүлдү.
💰 Өндүрүлгөн административдик айыптардын суммасы 278 миллион сомду түздү.
🔍 Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
📉 Жол кырсыктарынын көбөйүшү өлкөнүн жолдорунда коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилейт.