🚀 Социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Баткен облусуна иш сапары менен барды.
🤝 Сапардын жүрүшүндө министр мамлекет менен социалдык келишим түзгөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.
♿ Полотова мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берип, муктаж болгондорго коляскаларды тапшырды.
🏥 Министр Кадамжай жана Лейлек райондорунда медициналык-санитардык эксперттик комиссиялардын ишин жана интернаттардагы жашоо шарттарын текшерди.
📈 Полотова социалдык төлөмдөрдүн даректүүлүгүн жакшыртууга жана кадрлардын квалификациясын жогорулатууга көңүл буруп, жергиликтүү башкармалыктардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
💻 Сапардын жүрүшүндө аймактык түзүмдөрдүн ишин жакшыртуу максатында жаңы компьютердик техникалар өткөрүлүп берилди.