🔍 Республикандык ден соолукту чыңдоо борбору жарандарга физикалык, психологиялык жана сексуалдык зомбулук учурларында кандай чараларды көрүү керектиги боюнча сунуштарды даярдады.
👊 Физикалык зомбулукка кабылган учурда, коопсуз жерге чыгып, өмүргө коркунуч жаралса, 102ге чалуу сунушталат. Медициналык жардам алуу жана жаракаттарды каттоо маанилүү.
🗣️ Психологиялык зомбулукка туш болгондо, окуялардын күндөлүгүн жүргүзүп, далилдерди сактоо керек. Жакындардан жана кризистик борборлордон колдоо алуу сунушталат.
🚫 Сексуалдык зомбулук учурунда, далилдерди сактоо үчүн жуунбоо жана кийимди алмаштырбоо маанилүү. Медициналык мекемеге кайрылып, жаракаттарды каттатуу жана ВИЧ менен ИППП алдын алуу зарыл.
📜 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө” мыйзам жабырлануучулардын укуктарын коргоо үчүн комплекстүү чараларды камтыйт, медициналык, психологиялык жана юридикалык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет.






