🌍 Үрүмчү шаарында жасалма интеллект жана анын медиага тийгизген таасирине арналган 6-Дүйнөлүк медиа саммити өттү.
📰 Саммитке 106 өлкөдөн 208 медиа уюмдардан, анын ичинде БУУнун агенттиктеринен 500дөн ашык өкүл катышты.
🤖 Russia Today медиа тобунун башкы редакторунун орун басары Дмитрий Горностаев журналистикада жасалма интеллектти колдонуунун этикалык стандарттарын аныктоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
⚖️ AI Jazeera Media Network атайын өкүлү Салах Эддин Абдалла жасалма интеллект терең талкууну жана жоопкерчиликтүү мамилени талап кылаарын баса белгиледи.
💬 ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов жаңы медиа реалдуулуктардын жана Кытайдын прогрессивдүү өнүгүүсүнүн контекстинде диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.
🌐 Сан-Томе жана Принсипиден келген Матеус Феррейре дүйнөлүк медиа кызматташтыгы үчүн Кытайдын модернизациялоо тажрыйбасын үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
📚 Бразилиялык “Revista NORDESTE” журналынын негиздөөчүсү Вальтер Кандидо Дос Сантос кытай акылмандыгы дүйнөлүк журналистиканы байыта аларына ишенимин билдирди.
🤝 “Российская газетанын” башкы директору Павел Негойца ЖМКлар арасында пикир жана тажрыйба алмашуу аянтчасы катары саммиттин жемиштүү болгонун белгиледи.