📱 2024-жылы Tunduk порталы жана тиркемеси аркылуу 11 миллион онлайн кызматтар көрсөтүлгөн.
📊 Тундук ишке киргенден бери ар кандай мамлекеттик органдардын ортосунда 3 миллиарддан ашык маалымат алмашуу жүргүзүлдү.
👥 Платформаны колдонуучулардын саны 1,7 миллиондон ашты, бул электрондук кызматтарга болгон популярдуулуктун жана ишенимдин өсүп жатканын айгинелейт.
📄 Мобилдик тиркемеде 9 санариптик документ бар, анын ичинде паспорт, айдоочунун күбөлүгү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк, бул маанилүү маалыматка жетүүнү абдан жеңилдетет.
🆕 Быйыл жаңы документтер кошулду: пенсиялык күбөлүк, жеке ишкерлердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк жана орто билими тууралуу аттестат.
🤝 Тундук долбоору мамлекеттик кызматтарды алуу процессин тездетүүгө жана жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берген ар кандай бөлүмдөрдүн биргелешкен ишинин натыйжасы болду.
🚀 Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан мамлекеттик кызматтарды алууну санариптештирүү жана жөнөкөйлөтүү боюнча аракеттерин улантууда.