📦 2025-жылдын 1-мартынан тарта Орусияда милдеттүү түрдө маркировкалануучу жеңил өнөр жай товарларынын тизмеси кеңейет.
📝 Ата мекендик өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар талаптарга жооп берүү үчүн жаңы жеңил өнөр жай продукцияларын маркировкалоого милдеттүү болот.
🔗 Маркировка коддорун алуу үчүн Кыргызстандын Товарларды маркировкалоо жана көзөмөлдөө боюнча улуттук оператору “Альфа Телеком” ЖАКсына кайрылуу керек.
💻 Продукцияларды каттоо жана оператор менен келишим түзүү процесси main.teksher.kg сайтындагы Teksher маалымат системасы аркылуу ишке ашырылат.
🚚 Маркировка коддорун колдонуу Россия Федерациясына продукциянын жаңы түрлөрүн экспорттоого мүмкүндүк берет.
📞 Кошумча маалыматты main.teksher.kg сайтынан же 0999 333 999 телефону аркылуу алсаңыз болот.