🌍 Ош облусунун Алай районунда унаа жолдорду курууда мыйзам бузуулар аныкталды.
🚧 Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жаткан 6100 метр жолдун курулушун текшерди.
📋 Иш керектүү экологиялык экспертизасыз жүргүзүлүп, учурдагы мыйзамдар бузулган.
🐄 Жол мурда мал жайылып келген жайыт жана мөңгүлөр аркылуу өтүп, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан.
💰 Экологияга келтирилген зыяндын кесепетинен 939 миң 200 сом доо, ошондой эле жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн дагы 3 миллион 645 миң сом доо коюлган.
🚧 Алай токой чарбасында дагы 1500 метр узундуктагы жолдун кошумча участогу курулуп жаткандыгы аныкталып, жерди пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн подрядчыга жаңы дооматтар коюлду.