🏛️ Ынтымак Ордо административдик имаратында экскурсияга жаңы эрежелер киргизилди.
📅 Экскурсиялар эми ар ишембиде болот, бирок катышуу үчүн алгач жарандыкты жана паспорт номерин көрсөтүү менен расмий сайтка катталуу керек.
🧥 Катышуучулар жүрүм-турум стандарттарын жана дресс-кодду сакташы керек жана буга чейин экскурсияга келгендер үчүн кайра кирүү жабылат.
⚠️ Санитардык-эпидемиологиялык абал начарласа же мамлекеттик иш-чаралар өткөрүлсө, экскурсиялар токтотулушу мүмкүн.
🚫 Имаратка алкоголдук ичимдиктерди, тамак-аштарды, курал-жарактарды, чоң сумкаларды жана рюкзактарды алып кирүүгө, ошондой эле роликтерди жана велосипеддерди колдонууга тыюу салынат.
👮♂️ Эреже бузгандарга эскертүү берилип, одоно мыйзам бузуулар катталган учурда аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт.